Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

«Unlock 2019» конференциясына кыргызстандык адистер да катышып жатат


Окумуштуу-химик, Британиядагы Бата университетинин профессору Асел Сартбаева. Прага, 30-май, 2019-жыл.
Окумуштуу-химик, Британиядагы Бата университетинин профессору Асел Сартбаева. Прага, 30-май, 2019-жыл.

Чехиянын баш калаасы Прагада «Unlock 2019» деп аталган конференция башталды. Ага Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринен ондогон медиа, бизнес өкүлдөрү, жаңы технологиялар жаатында эмгектенген адистер катышып жатат.

Эки күндүк жыйындын башкы максаты - жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн жаңы технологияларды жана инновацияларды колдонуу менен кеңейтүү. Уюштуруучулар билдиргендей, аталган аймактарда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер басым алдында иштөөгө аргасыз болгондуктан алар жаңы технологияларды колдонуу менен өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алышат.

Кыргызстандан бул жыйынга окумуштуу-химик, Британиядагы Бата университетинин профессору Асел Сартбаева баш болгон бир катар жарандык коомдун, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышып жатат.

XS
SM
MD
LG