Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Борбор Азиядагы төрт күндүк сапарын Тажикстандан баштады. Аны 29-майдын кечинде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин тосуп алды.
Буга чейин Европа Кеңеши Дональд Туск 29-майдын 2-июнга чейинки сапарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугарын кабарлаган.
Тусктун үч мамлекеттеги сапары Европа Биримдиги Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын кабыл алгандан кийин болуп отурат. Европа комиссиясы 15-майда Борбор Азиядагы республикалар менен «бекемирээк, заманбап, өнөктөштүк» мамилелерди куруу максатында Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын беиткен. 16 барактан турган документте жакынкы беш жылда Европа комиссиясы Борбор Азиядагы беш мамлекет - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен эмнеге жетишүүнү көздөй тургандыгы боюнча темалар белгиленген.
Так саясат тууралуу кеңири жазылбаган стратегия - 2007-жылы кабыл алынган документтин жаңыланган варианты.