Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Мадуро менен Гуайдонун өкүлдөрү Ослодо бетмет-бет сүйлөштү


Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо (оңдо) жана президент Николас Мадуро.
Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо (оңдо) жана президент Николас Мадуро.

Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо Норвегиянын арачылыгында президент Николас Мадуронун өкүлдөрү менен өтүп жаткан жолугушуу карама-каршылыктарга карабастан улана турганын билдирди. Өз кезегинде Мадуро да диалогдун жыйынтыгына ишене турганын кабарлады.

Бийлик менен оппозициянын Норвегиядагы сүйлөшүүсү эки жума мурда башталган. Бирок тараптар биринчи жолу 29-майда бетме-бет жолугушуу өткөрдү. Азырынча алар кандайдыр бир жыйынтыкка жетише элек.

Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, тараптар Венесуэладагы конституциялык кризисти жоюуга даяр экенин билдиришкен.

Венесуэлада президент Мадуронун өкмөтү менен өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо башында турган оппозициянын тиреши токтой элек.

АКШ баштаган 50дөн ашык мамлекет Гуайдонун бийлигин тааныса, Орусия, Кытай жана Куба Мадуронун өкмөтүнө колдоо көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG