Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:37

Ошто 8-класстын окуучусу бычак жеп каза болду


Ош шаары.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, ал Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин окуучусу Самат Акматов деген бала болгон. Аны бычактаганга шектүү катары андан бир жаш улуу Д. у Н. кармалды.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, балдар бүгүн, 30-майда мектептен чыгып келе жатып, мектептен алыс эмес жайда жайгашкан дүкөндүн алдында өз ара айтышып кеткен. Натыйжада шектүү маркумду учтуу нерсе менен сайып жиберген.

Буга чейин 28-майда Бишкектеги №48 мектептин 9-классынын окуучусу ур-токмоктон кийин каза болгон. Бул факт боюнча Жазык кодексинин «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. (MdN/BTo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG