Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:04

Кадамжайда кайрадан жибек курту өндүрүлө баштады


Кадамжайда өндүрүлгөн жибек курту. 30-май, 2019-жыл.
Кадамжайда өндүрүлгөн жибек курту. 30-май, 2019-жыл.

Кадамжай районунун аймагында жибек куртун өндүрүү кайрадан жанданып, өзбекстандык ишкерлер менен чогуу баштаган алгачкы аракет үзүрүн бере баштады. Анын бир килограммы 150 сомдон сатылды.

Өзбекстандын Фергана облусу менен Кыргызстандын Баткен облусунун ортосунда жибек өндүрүү боюнча макулдашуга кол коюлган.

Өзбекстандан келген жибек куртун багууга даяр экенин Алга, Ак-Турпак, Кыргыз-Кыштак, Майдан, Масалиев жана Үч-Коргон айыл аймактарынын тургундары билдиришкен. Бул үчүн аймакта аба ырайы ылайыктуу экени белгиленген.

Өндүрүштүн бул түрү аймакта СССР жоюлганда эле токтоп калган.

Жибек курту 20-25 күн гана багылып, сатууга даяр болот.

Бул тармакты кийинки жылы да кеңейтүү пландалып жатканын «Азаттыкка» Кадамжай райондук айыл чарба департаменти билдирди.

Быйыл алгачкы түшүмдөн 1800 кг жибек алынды. (JsA)

XS
SM
MD
LG