Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Жогорку Рада премьер-министр Владимир Гройсманды кызматтан кетирген жок


Владимир Гройсман.
Владимир Гройсман.

Жогорку Рада Украинанын премьер-министри Владимир Гройсманды кызматтан кетирүү боюнча демилгени колдогон жок. Бул маселе добушка коюлганда 97 эл өкүлү макул болуп, ал эми 226 депутат каршы добуш берди.

Добуш берүүнүн алдында Гройсман кызматта калууга эч качан жанталашпаганын, ошол эле кезде жоопкерчиликтен да качпай турганын билдирди.

Өкмөт башчынын кызматтан кетишине «Петро Порошенконун блогу» жана «Элдик фронт» фракциялары каршы добуш берди. Ал эми Олег Ляшконун «Радикалдык партиясы» жана Юлия Тимошенконун «Батькивщина» фракциялары аны кызматтан кетирүүнү колдошту.

Премьер-министр Владимир Гройсман 23-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын алдында жаңыдан кызматына киришкен президент Владимир Зеленский премьер-министрди кызматтан кетүүгө чакырган. Мыйзамга ылайык, өкмөт башчы кызматтан кетсе, бардык өкмөт мүчөлөрү кызматын тапшырат.

XS
SM
MD
LG