Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:10

"КТ Мобайл" компаниясын иликтеген депутаттык комиссия жыйын курат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чуулгандуу "КТ Мобайл" компаниясынын ишин иликтеген депутаттык комиссия бүгүн, 31-майда жыйынга чогулат. Парламенттин басма сөз кызматынан алынган маалымат боюнча, жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кызыкдар тараптар чакырылган.

Майдын башында түзүлгөн депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Анын биринчи отуруму 17-майда болгон.

Талаш-тартыш жараткан «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.

«Ачык өкмөт» улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы, премьер-министр Абылгазиевдин карачечекей бажасы Иманкадыр Рысалиевдин дарегине «КТ Мобайл» компаниясы боюнча дооматтар айтылган. Анын уулу Эрназардын «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеп, чоң суммада айлык алып келгени айтылган.

Өкмөт башчы ал маалыматтар азырынча ырастала элек экенин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG