Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Помпео: мунай танкерлерине чабуулдун артында Иран турат


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран Бириккен Араб Эмирлигинин мунай танкерлерине чабуул жасаганын билдирди.
Помпеонун айтымында, Тегерандын майдын башындагы аракети мунайдын дүйнөлүк баасын көтөрүүнү көздөгөн.

Бул тууралуу мамлекеттик катчы 30-майда Европага сапаранын алдында айтты:

«Бул ирандыктардын дүйнөдө чийки мунайдын наркын жогорулатуу аракети болгон», - деди ал.

12-майда Оман булуңунда төрт кеме «диверсиялык чабуулга» кабылганы кабарланган.

Саудия алардын арасында эки мунай танкери бар экенин билдирген. АКШ башында турган беш өлкөнүн эксперттеринен турган топ бул окуяны иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG