Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Кыргыз-өзбек чек арасында, Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак айылында бүгүн, 31-майда курал колдонулган окуя болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин баштапкы маалыматына караганда, кыргызстандык аскерлер чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автомашинасын байкашкан. Аларды токтотуу аракетинен майнап чыкпай, асманга ок чыгарышкан.

Ага да болбой айдай беришкендиктен кыргыз аскерлери машинанын дөңгөлөгүнө атууга мажбур болушкан.

Натыйжада бир өзбек жараны жараат алып, ал Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилди.

Окуяга байланыштуу эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, жеринен иликтөөгө өкүлдөрдү жөнөтмөй болушту. (RK)

XS
SM
MD
LG