Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасында айтылган маалыматтар менен таанышып чыкты.
Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында сүйлөп жатып айтты:
- «Азаттык» берген маалымат менен таанышып чыктым. Улуттук банкка, Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финпол) тапшырма бердик. Алар эми тастыктап чыгат. Мындан үч күн мурда мен Финполго президентибиздин мурдагы тапшырмасы боюнча Матраимовдордун мүлкүн тастыктоону тездетүүнү тапшыргам.
29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов өлкөдөн чыгарылып кеткен жүз миллиондогон доллардын Матраимовдорго тиешеси бар-жогун иликтеген. Анда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон. (BTo)