Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Финпол: «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган акча кимдики экенин тактадык (видео)


Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган суммалар кайдан чыкканы тууралуу баштапкы маалымат берди.

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында сүйлөп жатып мекеменин башчысы Бакир Таиров төмөнкүлөргө токтолду:

- «Азаттыктан» чыккан материалдар боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп, маалымат алып, бүт жактан тактап көрдүк. Азырынча бул каражат «Дордой», «Кара-Суу», «Мадина» базарларында иштеген ишкерлердин импорттук акчасы деген маалымат келип жатат. Биздин маалымат боюнча, ай сайын 3 миллион долларга жакын акча чыгып турат. Мындай маалымат Финансылык чалгындоо кызматынан көп келет. «Дордойдо» иштеген ишкерлер акча которуунун ушундай жолун табышкан. 15, 20, 30га жакын ишкер чогулуп акча которушат. 6 миллиард боюнча да текшергенбиз, «Кара-Суудагы», «Дордойдогу», «Мадинадагы» ишкерлердин акчасы болуп чыккан.

​29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG