Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:07

Блогер Кадырбековдун иши боюнча он милиционер жазага тартылды


Бауржан Кадырбеков ооруканада. 23-май, 2019-жыл.
Бауржан Кадырбеков ооруканада. 23-май, 2019-жыл.

Бул иш боюнча Өзгөн РИИБдин төрт кызматкери кызматтан бошотулду. Калгандарына сөгүш берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, блогердин Интернетке тараган тасмасындагы тергөөчү аял милиция кызматкерлеринин этикасына туура келбеген иш-аракеттери үчүн кызматынан бошотулган. Андан тышкары дагы үч милиционер кызматтык иликтөөнүн натыйжасында "милиция кызматкерлеринин этикасына туура келбеген иш-аракеттерди жасаган" деген негиз менен ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Жеңиш Аширбаевдин кошумча маалымдаганы боюнча, блогердин апасынын милиция кызматкерлеринин үстүнөн жазган арызы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана прокуратурага юридикалык баа берүү өтүнүчү менен өткөрүлүп берилген.

Ошто он милиционер жазага тартылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00


Блогер Бауржан Кадырбеков Өзгөн шаарындагы дүкөндөрдө эскирип кеткен азык-түлүктөр сатылып жатканы тууралуу видеотасмаларды "Ютубдагы" баракчасына жайгаштырып жүргөн. Апрель айында ал шаардагы дүкөндөрдүн биринде тасмага тартып жаткан учурда дүкөн ээси милиция чакырган. Чакыруу менен барган оперативдүү-тергөө тобунун кызматкери блогерге "өзүң албай эле кой, башкалар ала берсин" деп айтып жаткан жери тасмага түшүп, Интернетке тарап кеткен. Көп өтпөй соцтармактарда ал тергөөчү айым жоопкерчиликке тартылуусун талап кылган пикирлер жазылган.

«Опузалап пара талап кылуу» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча айыпталып, 8-майда Өзгөн райондук милициясы тарабынан камакка алынган. 11-майда Өзгөн райондук соту аны бир айга камаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга түшүп, 18-майда анын үстүнөн даттанган тараптын тосмо арыздын негизинде Бауржан Кадырбеков эркиндикке чыккан. Ал абактан чыкканда балдак менен басканын көргөн туугандары «Бауржан камакта жатканда кыйноого кабылды» деп айтып чыгышкан. Милиция жана Бауржан өзү бул айыптоону четке каккан. (MdN/ZKo)

XS
SM
MD
LG