Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Кабулдагы жардыруу үчүн «Талибан» жоопкерчилик алды


31-майда Кабулдагы жарылуудан кеминде төрт киши өлүп, дагы үч киши жаракат алды.
31-майда Кабулдагы жарылуудан кеминде төрт киши өлүп, дагы үч киши жаракат алды.

Кабулда экинчи күн катары менен жарылуу болду.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахиминин маалыматына караганда, 31-майда Кабулдун чыгыш тарабындагы Якатот районундагы жарылуудан кеминде төрт киши өлүп, дагы үч киши жаракат алды. Ошол эле кезде бийлик өкүлдөрү жарылуудан канча адам өлгөнү так белгисиз экенин айтууда.

Жарылуу ушул аймактан АКШ аскерлеринин кербени өтүп бара жатканда болгон. АКШ аскерлеринин өкүлү окуядан төрт америкалык жоокер жеңил жараат алганын маалымдады.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы алды. Кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, жарылуудан 10 америкалык аскер өлгөн. Бирок ал буга эч кандай далил келтирген жок.

30-майда Ооганстандын борбору - Кабулдагы аскердик машыгуу борборунун жанында жанкечти өзүн жардырып, кеминде алты киши өлүп, дагы алты адам жаракат алган. Ал кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG