Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

УКМК: ИИМ кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук криминалдык милициянын башычынын орун басары Р. К. жана Москва райондук криминалдык милициянын оперативдүү кызматкери К. К. 30-май күнү кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында алар 12-калибрдеги кесилген мылтык, ок-дарыларды жана жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен кармалышкан.

УКМКнын маалыматына караганда, кармоо учурунда К.К өзүнүн ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаасы менен кылмыш болгон жерден качып кетүүгө аракеттенип, бирок кармаганы барган топтун автоунааларынын бирин сүзүп алган.

Маалыматта айтылгандай, алар ишкерлер менен чогуу коңшу өлкөдөн ири өлчөмдө (болжол менен 5 млн. доллар -УКМК) акча каражатын мыйзамсыз ташыган адамдарга кол салмакчы болушкан. Коопсуздук кызматы "бул ишти Чүй облустук криминалдык милициясынын жетекчисинин орун басары Р. К. уюштурган" деп кабарлады.

Учурда бул иш сотко чейинки териштирүү алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси ("Бийликтен аша чабуу") менен катталды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG