Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Трамп Мексиканын товарларына кошумча бажы салыгын киргизет


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Мексикадан импорттолгон товарларга беш пайыздык кошумча тариф киргизээрин жарыялады. Ал 30-майдагы билдирүүсүндө Мексика тарап Кошмо Штаттарга кирип жаткан мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотмоюнча мындай чара улана берерин, тарифтер бара-бара 25 пайызга жетиши мүмкүн экенин айтты. Ага ылайык, алгачкы тарифтер 10-июнда иштей баштайт. Кошумча бажы төлөмүнүн көлөмү 1-июлда 10 пайызга көтөрүлмөкчү.

Буга Мексика дароо жооп кайтарып, Трамптын чечимин "кыйратуучу" жүрүш катары мүнөздөдү. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "эгер бул коркутуулар ишке ашса, анын кесепети олуттуу болот" деп айтты.

АКШ президенти Мексиканы Борбордук Америкадан Түндүк Америкага агылган мигранттарды токтото алган жок деп айыптап келет. Мигранттардын көпчүлүгү Гондурас, Гватемала жана Сальвадордун жарандары.

Вашингтондун жаңы тарифтери АКШ, Мексика жана Канада эркин соода боюнча түндүк америкалык келишимди жаңылап бүтүп калган учурга туш келүүдө. Ак үйдүн соңку чечими бул келишимге кандай таасир этери белгисиз.

2018-жылы АКШ менен Мексиканын ортосундагы соода жүгүртүү 671 миллиард долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG