Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук концерти өттү


Концерттен бир көрүнүш.
Концерттен бир көрүнүш.

Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук концерти өттү.

«Helpthechildren - SKD» коомдук фонду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге мындай иш-чараны быйыл сегизинчи жыл уюштурду.

Онкология жана гематология ооруканасында дарыланып жаткан 60 бала жана алардын ата-энелери кеченин ардактуу коногу болушту.

Концерттен тышкары бейтап балдардын апалары өз колу менен жасаган буюмдардын жарманкеси өттү. Ал эми Бишкектин аялдар клубу (BIWC) түрдүү продукцияны сатыкка чыгарды.

Натыйжада 728 000 сом акча түшүп, бул каражатка Онкология жана гематология боюнча улуттук борборго, Эне-баланы коргоо улуттук борборуна жана Оштогу балдар ооруканасына кан препараттарын, дары-дармек жана балдарга белек сатып алуу пландалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG