Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиевдин район акими Баймурат Бекмуратовго каршы доо арызы кайрадан райондук соттун кароосуна жиберилди. Мындай чечимди 30-майда Баткен облустук соту чыгарды.
Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиев райондук администрациянын башчысы Баймурат Бекмуратовду 11-апрелде сотко берген. Ал өзүнүн кызматтан алынышы боюнча акимдин айылдык кеңешке берилген сунушу мыйзамсыз болгон деп эсептейт.
29-апрелде Лейлек райондук соту Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиевдин райондук администрация башчысы Баймурат Бекмуратовго каршы доо арызын карап, аны соттук өндүрүштөн кыскарткан чечим кабыл алган. Айыл аймак башчысы сот чечимине макул болбой, облустук сотко кайрылган.
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиевди кызматтан алуу тууралуу аким Баймурат Бекмуратовдун сунушу жергиликтүү кеңешке 2-апрелде келип түшкөн. Айылдык кеңеш акимдин сунушун карап, 21 депутаттын 11и Эгембердиевди кызматтан алууга макулдук берген. Кийинчерээк аталган айылдык кеңештин төрагасы Кыдыр Айбалаев Бишкекте үй камагында жүргөн жеринен талапты бузуп, мыйзамсыз түрдө Лейлекке барып сессияга катышып келгени үчүн Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу Октябрь райондук соттун чечим чыккан. Көп өтпөй Октябрь райондук милициясы Кыдыр Айбалаевге издөө жарыялаган.
Учурда айыл аймак башчысынын милдетин анын орун басары Акжол Абдуллаев убактылуу аткарууда. Лейлек районундагы тогуз айыл аймагынын ичинен Жаңы-Жер айыл аймагы 2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылында мамлекеттик дотациядан чыккан. Бул үчүн айыл аймак башчысы Саатбек Эгембердиев президенттин кол саат сыйлыгына татыган.
Ал эми Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу» президенттин жарлыгын жана өлкөнүн аймактык саясатынын концепциясын аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жарыяланган.
Жаңы-Жер айыл аймагы Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде жайгашкан. Анда 15 миңге жакын түтүн эл жашайт. (MdN)