Жүргүнчүлөрдү ташуучу Бишкек-Кара-Балта каттамындагы поезд бир күнгө убактылуу токтотулат
Бул "Кара-Балта-РЗД-141” темир жолу участкасындагы ремонт иштерине
байланыштуу болуп жатканын "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.
2-июндан тартып, аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттоосун улантат.
1-июндан тартып, Бишкектин батыш тарабындагы Ала-Тоо (Сокулук району) жаңы конушуна поезд токтоочу бекет ачылды. Бул бекет Бишкек-1 жана Сокулук бекеттеринин ортосунан орун алган.(ZKo)
Бишкек-Кара-Балта каттамындагы поезд бир күнгө токтотулат
