Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:14

Косово БУУнун орусиялык кызматкерин өлкөдөн чыгарат


Орус жараны, Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкери Михаил Краснощеков ооруканада. 31-май, 2019-жыл
Орус жараны, Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкери Михаил Краснощеков ооруканада. 31-май, 2019-жыл

Бул тууралуу 31-майда премьер-министр Рамуш Харадинай «Фейсбукка» жазып, Тышкы иштер министрлигине орус жараны, Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкери Михаил Краснощековду тезинен өлкөдөн чыгарууну буйруду. Харадинай бул чечимди аткарууга Бириккен Улуттар Уюмун да чакырды.

Баш катчы Антонио Гутерриш буга чейин адамды «персона нон-грата» деп табуу Бириккен Улуттар Уюмуна жана анын кызматкерлерине эч убакта тиешелүү болбой турганын эскерткен.

Краснощеков 28-майда Косовонун түндүгүндөгү атайын операция учурунда кармалып, кийин коё берилген. Учурда ал ооруканада.

Премьер-министр Рамуш Харадинай ал күнкү операция уюшкан кылмыштуулукка жана аткезчиликке каршы жүргүзүлгөнүн билдирген.

Укук коргоо органдары Краснощеков жана БУУнун дагы бир кызматкери, ошондой эле алты этникалык серб полициянын атайын операциясына тоскоолдук кылган деп эсептейт.

Серб өкмөтүнүн өкүлү Марко Журич Косово полициясынын аракеттерин сербдерди куугунтуктоо жана ал жерлерден кубалоо катары баалаган.

Президент Александр Вучич болсо Косовонун атайын күчтөрү өз өлкөсүндөгү сербдер жашаган аймакта атайын операциясына байланыштуу армияны күжүрмөн даярдыкка келтирген.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы жоготкон. Косово болсо Сербиядан көз каранды эмес экенин бир тараптуу түрдө 2008-жылы жарыялаган. Косовонун эгемендигин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныган.

XS
SM
MD
LG