Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Помпео: АКШ түндүк кореялык дипломаттардын жазаланышын иликтейт


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео

Кошмо Штаттары жогорку кызматтагы түндүк кореялык дипломаттардын өлүм жазасына тартылышы тууралуу маалыматтын чын-бышыгын иликтейт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жума күнү Берлинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Түндүк Корея өлүм жазасына кести деп айтылып жаткан дипломаттар Вашингтон менен Пхеньяндын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүсүнө катышкан.

Түштүк Кореянын "Чосон ильбо" гезити Түндүк Кореянын бийлиги февралда Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын Ханойдогу саммити ийгиликсиз аяктагандан кийин бир катар жогорку кызматтагы адамдарды өлүм жазасына тартканын жазды.

Басылма ырастагандай, Ким Чен Ындын буйругу менен мартта Пхеньяндын четиндеги Мирим аэродромунда Мамлекеттик кеңештин АКШ боюнча атайын өкүлү Ким Хёк Чхол, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин дагы төрт кызматкери өлүм жазасына тартылган. Аларды АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпташкан.

"Чосон ильбо" гезитинин маалыматына караганда, Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин биригүү боюнча бөлүм башчысы Ким Ён Чхол болсо, кайра тарбиялоо максатында саясий туткундар кармалчу лагерге жөнөтүлгөн.

Бул маалыматтарды башка көз карандысыз булактар ырастай элек.

28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору - Ханойдогу экинчи жолугушуусу эч кандай макулдашуусу жок жана күтүлгөндөн эрте аяктаган. АКШ Ким Чен Ындан атомдук программасын тезинен токтотууну талап кылса, Түндүк Корея санкцияларды алуу зарылдыгын айтып келген.

XS
SM
MD
LG