Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

Бүгүн Чемпиондор лигасынын финалы болот


Ливерпуль футболчулары.
Ливерпуль футболчулары.

Европанын клубдар арасында эң абройлуу кубогу деп саналган Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү бүгүн аныкталат. Финалдык оюнда Англиянын “Тоттенхэм” менен “Ливерпуль” командалары ойнойт.

Аталган эки клуб 2018-жылдын күз мезгилинен бери турнирде жүрүшүн улантып келе жатат. Жарым финалда “Ливерпуль” Испаниянын “Барселона” клубун утуп алса, “Тоттенхэм” Голландиянын “Аякс” клубун жеңген.

Финалдык оюн Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы “Ванда Метрополитано” стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1:00дө башталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG