Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.
Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, “мыйзамсыз түрдө камалганын айтып келет.
Мындан сырткары Дүйшөнбек Зилалиевге 2017-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") менен иш козголуп, үч жылга шарттуу соттолгон. (BkA)