Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Украина «Норманд форматындагы» сүйлөшүүлөргө даярданууда

Александр Данилюк.
Александр Данилюк.

Украина Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууну максат кылган, Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Украинанын өкүлдөрү кирген «Норманд форматындагы» сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярданат. Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Данилюк билдирди.

Мындай билдирүү Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүүсү аяктагандан кийин жасалды. Андагы маалыматка ылайык, «Норманд форматындагы» жаңы сүйлөшүү июль айында өткөрүлүшү мүмкүн.

Бирок Орусиянын бийлик өкүлдөрү 31-майда бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө учурда шарт жок деп эсептерин билдиришти. Кремль бул үчүн Киев Донбасстагы жикчил топтордун жетекчилери менен сүйлөшүүгө барышы керек деп эсептейт.

Буга чейин «Норманд форматындагы» сүйлөшүүлөр бир нече жолу өткөрүлсө да, Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча олуттуу жыйынтык бере элек.

XS
SM
MD
LG