Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Экс-президент Роза Отунбаева балдардын келечегине кам көрүүгө чакырды


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Экс-президент Роза Отунбаева 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата атайын макала жазып, балдардын билим алуусу жана саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Макалада өлкөдөгү үч жашка чейинки балдардын 44 пайызга жакыны жетишпеген турмушта, керектүү тамак-аш, витамин менен камсыз болбой жашап жатканы айтылат.

“Бүгүн 20 миңге жакын бала жакырчылыкта жашап жатат. Алар айына 1420 сомго бааланган тамактануу үчүн керектүү рационду алууга мүмкүнчүлүгү жок дегенди билдирет”, - деп жазган Роза Отунбаева.

Буга байланыштуу экс-президент өкмөт, жарандар менен биргеликте жакырчылыкта жашап жаткан балдардын турмуш-шартын оңдоп, алардын тамактануусу, саламаттыгы жана билим алуусуна керектүү шарттарды түзүү зарылдыгын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG