АКШнын Коргоо министрлиги 2023-жылдан тартып орусиялык ракеталардан кое берилген коммерциялык жандоочторду колдонууну токтотот.
Тиешелүү буйрук АКШнын федералдык реестрине 31-майда жарыяланды. Мындай чечим соңку жылдары Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамиле начарлап кеткени үчүн кабыл алынган.
АКШнын бул кадамы Илон Маск менен Жефф Безос түптөгөн «SpaceX» жана «Blue Origin» өңдүү америкалык бизнес-долбоорлордун өнүгүшүнө салым кошору айтылууда.
«Роскосмос» компаниясынын алдындагы ракеталарды космоско кое берүү жаатында иш алып барган ILS ишканасынын маалыматы боюнча орусиялык «Союз» жана «Протон» ракеталары америкалык жандоочторду учуруш үчүн колдонулуп келген. Анын ичинде АКШ өкмөтүнүн жандоочтору да болгон.