Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Футбол: «Ливерпуль» Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду


Оюндагы кызык учур. 1-июнь, 2019-жыл.
Оюндагы кызык учур. 1-июнь, 2019-жыл.

Англиялык «Ливерпуль» клубу футбол боюнча Чемпиондор лигасынын быйылкы жеңүүчү болду. 1-июнда Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы «Ванда Метрополитано» стадионунда өткөн оюнда «Ливерпуль» атаандашы болгон дагы бир англиялык клуб «Тоттенхэмди» 2-0 эсебинде утту.

Голдорду атаандаштын дарбазасына Мохамед Салах жана Дивок Ориги киргизди. Муну менен «Ливерпуль» алтынчы жолу Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болуп калды.

Аталган эки клуб 2018-жылдын күз мезгилинен бери турнирде жүрүшүн улантып келе жатат. Жарым финалда «Ливерпуль» Испаниянын «Барселона» клубун утуп алса, «Тоттенхэм» Голландиянын «Аякс» клубун жеңген.

Оюн кечээ эртең менен автокырсыктан каза болгон футболчу Хосе Антонио Рейесени эскерүү менен башталды. 35 жаштагы футболчу буга чейин «Севилья», «Арсенал» жана «Атлетико» клубдарында ойногон эле.

Мадридде өткөн оюнга дүйнөнүн ар кыл бурчтарынан түмөндөгөн футбол ышкыбоздору чогулду.

XS
SM
MD
LG