Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбековду жатак абакка которуу боюнча өтүнүч каралбай жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Саясий туткундарды коргоо» комитетинин төрагасы Сапарбек Аргымбаев билдирди. Анын айтымында, «Карыбековду жатак абакка которуу боюнча өтүнүч четке кагылды» деген маалымат туура эмес. Анын өтүнүчүн учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) карай элек.
Аргымбаев быйыл күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык соттолуучуну жатак абакка которуу боюнча чечимди ЖАМК кабыл алууга укуктуу экенин кошумчалады.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары «Эрнест Карыбековду жатак абакка которуу боюнча өтүнүч четке кагылды» деп кабарлашкан.
Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен кошо 2016-жылдын март айында, «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Аларга байланышы бар деп кармалган, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.
Быйыл Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык карап, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда 12-февралда эркиндикке чыгарган.
Ал эми Жогорку сот Карыбековдун өтүнүчүн карап, жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга түшүргөн. (BkA)