Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:54

Казакстан Сириядагы 200дөн ашык жаранын алып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан Сириядагы согуш аймактарынан дагы 171 жаш баланы жана 67 аялды мекенине кайтарып келди. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, 28-31-май аралыгында өткөн «Жусан» гуманитардык операциясынын алкагында мекенине кайтарылган жарандар учурда атайын адаптациялык борборго жайгаштырылды.

Ушуну менен казак бийлиги Сириядан 357 жаранын Казакстанга алып келди. Буга чейин мындай операция эки жолу ишке ашкан эле.

Ушул аптада Өзбекстан Жакынкы Чыгыштагы согуш аймактарынан 156 жаранын кайтарып келгени кабарланган.

Буга чейин жакындары Сириядагы диний-экстремисттик топторго кошулуп кеткен айрым кыргызстандыктар ал өлкөдө жүргөн кыз-келиндерин жана неберелерин кайтарганга жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилерине кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG