Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Жаш көрүүчүлөр театры эл аралык фестивалга катышууда


«Көчкү» спектаклинен көрүнүш.
«Көчкү» спектаклинен көрүнүш.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры ушул күндөрдө Татарстан мамлекетинин Казан шаарында өтүп жаткан «Нооруз» эл аралык театр фестивалына катышып жатат.

Кыргыз өнөрпоздору 2-июнда Тинчурин театрында калыстар тобуна түрк драматургу Тунжер Дүженоглунун «Көчкү» спектаклин көрсөтөт. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу кабарлады.

Алгач жаш көрүүчүлөр театры 28-майда Башкортостан өлкөсүнө сапар алып, Уфа шаарында болуп өткөн «Туганлык-2019» эл аралык театр фестивалына катышкан. Ал кароо-сынакта кыргыз театры «Көчкү» спектакли менен «Эң мыкты психологиялык спектакль» номинациясына ээ болгон.

Театрдын жамааты 3-июнда кайтып келет. Ал эми театр фестивалы 7-июнда жыйынтыкталат. (ZA)

XS
SM
MD
LG