Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Паспортту Кыргызстанда жасоо боюнча мыйзам долбоору талкууга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жалпы жарандык паспортунун жана айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын өлкө ичинде даярдоого мүмкүнчүлүк берүүнү караштырган мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кабарлады. Анын айтымында, «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамдын буга чейинки редакциясында Кыргызстандагы мамлекеттик «Учкун» жана башка басмаканалар паспорт жана айдоочулук күбөлүккө бланк даярдоо боюнча тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү жок.

- Биз ал норманы алдырып жатабыз. Эгерде биз «Учкун» мамлекеттик ишканасына тиешелүү жабдыктарды алып келсек, өзүбүздөн эле паспортко бланктарды чыгара алабыз. Жабдыктын баасы 2 миллион долларды түзөт экен. Бул бланктардын наркын эселеп төмөндөтөт, бул болсо өлкөбүздүн жарандарына сезилерлик жеӊилдиктерди берет, - деди Маматалиев.

Кыргызстанда жалпы жарандык паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерде чыр чыккан.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Мунун негизинде Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат.

Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG