Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:30

Помпео: Иран менен шарт койбой сүйлөшүүгө даярбыз


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШ Иран менен алдын-ала шарт койбой туруп сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. Бирок Помпео бул үчүн Иран «нормалдуу өлкө катары иш кыларын» көрсөтүшү керек экенин айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы жекшембиде Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис менен жолукту. Жолугушууда талкууланган негизги темалардын бири Иран менен мамиле болду.

Майк Помпеонун бул билдирүүсү Ирандын президенти Хасан Роуханинин «эгер АКШ расмий Тегеренга карата сый менен мамиле кылса гана сүйлөшүү жүргүзөрүн» айткан сөздөрүнө жооп болду.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси дүйнөнүн алты державасы Иран менен түзгөн анын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ 2015-жылы чыгып кеткенден кийин курчуй баштаган. Аталган келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG