2-июнда Ооганстандын борбору Кабулда үч жерде жардыруу болуп, андан эки адам каза тапса, дагы 24 киши ар түрдүү жаракат алды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими маалымдагандай, согушкерлер Кабул билим берүү университетинин кызматкерлери бараткан автобусту бутага алган. Андан 20 мүнөт өткөндөн кийин ушул эле райондо эки жардыруу болгон.
Рахими жаракат алгандардын арасында беш полиция кызматкери бар экенин кошумчалады. Ошондой эле жарылуудан дагы эки журналист жарадар болгон.
Бул кол салуулар үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. Анын билдирүүсүндө айтылгандай, алгач шиит азчылыгынын өкүлдөрү бараткан автобус бутага алынган, кийин окуя болгон жерге полиция кызматкерлери жана журналисттер келгенде эки түзмөк жардырылган.
Кабулдун батышындагы бул жардыруулар Газни провинциясында машине жарылып, жети полиция кызматкери өлгөндөн бир нече сааттан кийин болуп отурат. Ал окуядан кеминде коопсуздук күчтөрүнүн сегиз өкүлү жарадар болгон.
Газнидеги жардыруу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Ал 40 полиция кызматкери өлгөнүн билдирүүдө, бирок бул так далилдене элек.
Ооганстандагы адам өмүрүн алган кабат-кабат жардыруулар мусулмандардын орозо айынын акыркы күндөрү, Орозо айттын алдында болуп жатат. Ооганстандын президенти Ашраф Гани орозо башталганда ок атышууну токтотууну сунуш кылган, бирок «Талибан» кыймылы андан баш тарткан.