Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Швециянын соту Ассанждын бөгөт чарасын аныктоо боюнча ишти карайт


Жулиан Ассанж.
Жулиан Ассанж.

Швед соту учурда Британиядагы абакта отурган «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды камакка алуу тууралуу ишти 3-июнда карайт.

Швед прокурорлору 2010-жылдагы зордуктоо иши боюнча Ассанжды камакка алуу тууралуу өтүнүч менен Уппсала шаарынын сотуна кайрылышты. Прокурорлордун айтымында, эгер сот өтүнүчтү канааттандырса, Жулиан Ассанжды камакка алуу тууралуу европалык ордер берет жана аны Швецияга экстрадиция кылууну суранат.

Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага башкалка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган.

49 жаштагы Австралиянын жараны аны күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Улуу Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат. Мындан тышкары сот аны жашыруун маалыматтарга мыйзамсыз жолдор менен жетүү үчүн айыптап жаткан АКШга өткөрүп берүүнүн жолдорун карап жатат.

Вашингтон өткөн жумада Жулиан Ассанжга 17 пункт боюнча кошумча айып койгон. Ал жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз жарыялаган жана компьютерди бузуп кириш үчүн кутумга барган деп айыпталууда.

Буга чейин Вашингтон Ассанжды Пентагондун компьютердик түйүнүн бузуп кирүү аракети үчүн гана соттогону жаткан. Бул кылмыш үчүн ал эң көп дегенде беш жылдык мөөнөткө соттолмок. Эгер Ассанж Британиядан АКШга экстрадиция болсо ал мындан да катаал жазаланышы ыктымал.

Би-Би-Си Юстиция министрлигинин өкүлүнө таянып жазганына караганда, Ассанж ар бир пункт үчүн 10 жылдан соттолушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG