Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгы белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет. Учурда тиешелүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иштеп жатат. Ал 21-июнга чейин планын түзүп, бекитиши керек.

Өкмөттүн буйругунда белгиленгендей, мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик мекемелердин, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт.

Уюштуруу комитетин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектөөдө. Анын орун басары - президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынып, 2009-жылы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин күнүн белгилөө жөнүндө» жарлык чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG