Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Парламенттик комитет шайлоо мыйзамдарын талкуулайт


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитети депутаттар тобу шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштеп чыккан долбоорлордун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт.

Талкууга парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышат.

23-майда мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда талкууланган.

Анда жергиликтүү кеңештеги бир жыныстагы эл өкүлдөрүнүн санын 70 пайыздан ашырбоо тууралуу жобо талашка түшкөн башкы маселелердин бири болду. Долбоорго 30 пайыздык квотаны резервде кармоо тууралуу сунуштар айтылууда.

Укук коргоочулар айылдык кенештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого чакырып маалымат өнөктүгүн башташкан.

БУУнун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик эч кайсы органдарда аткарылбайт.

Расмий маалыматтарга караганда, жергиликтүү кеңештерде депутат аялдар 11 пайызды түзөт. Бул Кыргызстандагы 453 айылдык кеңештин 86сында бир да аял депутат жок дегенди билдирет. (RK)

XS
SM
MD
LG