Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

«Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» митингдин уюштуруучусу аянтка чыгат


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Бишкекте «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен бүгүнкүгө белгиленген тынч митингдин ордуна кол топтолот. Атайын петиция даярдалганын «Азаттыкка» иш-чаранын демилгечиси, жарандык активист, «Социалдык изилдөөлөр институту» уюмунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди:

- «Борбордук аянтта өткөрүүгө болбойт» деп расмий түрдө айтышты. Бирок ошого карабай «чыгып айтабыз» деген кишилер болуп жатат. Ошондуктан жарыя салган киши катары талаптарыбыз тууралуу петиция даярдадым. Эртең менен ошол жерге барып, кол топтоп, президентке өткөрүп, тыюуну мыйзам чегинде жокко чыгарганга аракет кылабыз. Анан кийинки митинг качан болорун сүйлөшүп алып тарап кетебиз.

Тынч митинг 3-июнда Ала-Тоо аянтында өтөрүн Карасартова 30-майда жарыялаган. Ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасына «Сизди азыркы коррупция менен күрөш канааттандырабы? УКМКнын иши канааттандырабы? Миллиондор бюджетке түшпөй жатканы, ошол маселеге бийлик кош көңүл болуп, күрөш саясий багытка оогону сизди канааттандырабы?» деп собол таштаган.

Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту митингди өткөрүүгө тыюу салып койгон. Бийлик мындай чечим Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) өлкө башчыларынын саммитине байланыштуу кабыл алынганын жарыялаган жана акцияны Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуш кылган.

ШКУнун саммити 13-14-июнда Бишкекте өтөт. Ага мамлекет башчылары келип катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG