Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Батукаев үчүн камалган дарыгерлерди бошотууну талап кылчу митингдин күнү өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Батукаевдин иши боюнча кармалган эки медицина кызматкерин бошотуу жөнүндө талап менен Жогорку Кеңештин алдында бүгүн 3-июнга пландалып жаткан митинг айдын аягында уюштурулмай болду.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Жардам берүү оңой» коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту бул күнү парламент алдында акция өткөрүүгө тыюу салды.

- Алар «Горький атындагы гүлбакта өткөргүлө» деп сунуш кылып жатышат. Биз «ал жакта өткөрбөйбүз» деп айттык. Алар «кийинчерээк, 20-июндан кийин өткөргүлө» дешти.

Аляева белгилегендей, мындай сунуш Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммити өтөрүнө байланыштуу айтылды.

Ал «бирок биз баары бир кийин болсо да башка жерде эмес, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгабыз» деп кошумчалады.

ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны быйыл 13-14-июнь күндөрү Кыргызстанда өтөт.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошонуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG