Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

«British Airways» Пакистанга түз каттамдарын кайра ачты


«British Airways» компаниясынын «Boeing 747» учагы.

«British Airways» авиакомпаниясы Пакистанга түз каттамдарын кайра ачты.

Коопсуздук чараларынан улам рейстер 10 жыл мурда токтотулган. Алгачкы учак Лондондун Хитроу аэропортунан 2-июнда кечинде чыгып, бүгүн таңга жуук Исламабад шаарына жетип барары айтылды.

Улуу Британиянын Пакистандагы элчиси Томас Дрю бул күн эки мамлекет үчүн маанилүү экенин айтты.

«British Airways» 2008-жылы Исламабаддын «Marriott» мейманканасында жардыруу болуп, 50 адам каза тапкан окуядан кийин бул өлкөгө түз каттамдарын токтотуп койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG