Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

УКМК Манасбек Арабаевди камакка алды


Манасбек Арабаев.

Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Арабаевди 2-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ал коррупцияга аралашкан деп шек саналууда, бирок конкреттүү кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү расмий айтыла элек.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Арабаев «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген жүйө менен былтыр 15-майда кызматынан бошотулган. Анын дарегине кызматта турганда «соттук иштерге кийлигишет» деген дооматтар айтылып келген. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (50)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG