Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Шайлоо учурунда мамкызматкерлердин айлыгын көтөрбөө сунушталды


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасын жана пенсияны көбөйтүүгө тыюу салууну сунуш кылды.

Масалиев бул тууралуу 3-июнда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча президент түзгөн жумушчу топтун мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу учурунда айтты:

- Бүгүнкү күндө эӊ негизги административдик ресурс - шайлоо мезгилинде пенсияны, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын көтөрүү. Биз ушуга тыюу салалы деген сунуш киргизип жатабыз. Шайлоодо айлыкты көбөйтүүнү токтотуш керек. Ар бир президенттик шайлоону карасаӊар айлык көбөйөт. Ушуну токтотуш керек. Айлык болсо мамлекеттин акыбалына жараша көтөрүлө берет.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан. Мыйзамга парламенттин 25 депутаты демилгечи болуп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG