Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Ким Чен Ын «сүргүнгө айдалды» деген аткаминер менен чогуу концертке барды


Ким Ён Чхол.
Ким Ён Чхол.

Буга чейин «саясий туткундар кармалчу түрмөгө сүргүнгө айдалды» деп айтылып жаткан түндүк кореялык жогорку кызмат адамы бир канча айдан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты. «Reuters» агенттигинин жазганына караганда, ал мамлекет башчысы Ким Чен Ын менен бирге концерт көрүүгө келген. Анын концертте отурган сүрөттөрүн Корей борбордук телеграф агенттиги жарыялады.

Буга чейин Түштүк Кореянын «Чосон илбо» гезити Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин биригүү боюнча бөлүм башчысы Ким Ён Чхол «тарбиялоо максатында» саясий туткундар кармалчу лагерге жөнөтүлгөнүн жазган. Басылма андан тышкары Ким Чен Ындын буйругу менен Мамлекеттик кеңештин АКШ боюнча атайын өкүлү Ким Хёк Чхол, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин дагы төрт кызматкери өлүм жазасына тартылганын кабарлаган.

Басылма ырастагандай, мындай жазалоо февралда Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Ханойдогу саммити ийгиликсиз аяктагандан кийин болгон. Бул кабарларды башка көз каранды эмес маалымат булактары ырастай элек.

Мындай сөздөрдүн чыгышына акыркы эки айдан бери түндүк кореялык маалымат каражаттарынын бул адамдардын сүрөттөрүн чыгарбаганы, ал эми Ким Ён Чхол апрелде Владивостокто Владимир Путин менен жолугушууга Ким Чен Ынды коштоп келбегени себеп болгон.

28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору Ханойдогу экинчи жолугушуусу эч кандай макулдашуусу жок жана күтүлгөндөн эрте аяктаган. АКШ Ким Чен Ындан атомдук программасын тезинен токтотууну талап кылса, Түндүк Корея санкцияларды алуу зарылдыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG