Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Матраимов «Азаттыктын» иликтөөсүнө 5-канал аркылуу жооп берет


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө 5-канал аркылуу жооп берет.

Аталган телеканалдын башчысы Эрнис Кыязов билдиргендей, депутат 3-июнда «Ой бүгүн» талкуусуна катышып, мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар деген маалыматтарга пикирин билдирет. Программага иликтөөнүн автору, «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов жана жарандык активист Эдил Байсалов да катышат. Эфир кечки саат алтыда болот.

Мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон доллар тууралуу иликтөөнү «Азаттык» 29-майда жарыялаган.

XS
SM
MD
LG