Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Баткенде табылган беш авиабомба жок кылынды


Авиабомбаларды жок кылуу учуру.
Авиабомбаларды жок кылуу учуру.

Баткен облусунун Өзбекстан менен чектеш Ак-Турпак айыл аймагынан беш даана авиабомба табылып, жок кылынганын 3-июнда айыл өкмөт кабарлады. Аймакта эки ай бою Куралдуу күчтөрдүн атайын адистери издөө иштерин жүргүзүштү.

Бул айыл аймагындагы конуштардан, эгин талааларынан жыл сайын жарылбай калган авиабомбалар табылып турат.

Кийинки жылдары жергиликтүү бийлик атайын кызматтарга кайрылып, аймак калкынын коопсуздугу үчүн издөө иштерин жүргүзүп берүүнү өтүнүп, тазалоо жумуштарын жүргүзүп келет.

Эки ай бою тазалоо иштери жүрүп, 1943-1973-жылдары Өзбекстан авиациялык машыгуу өткөрүп келген жайдын 90 гектардай аймагы кароодон өткөн. Анда жарылбай калган беш даана авиабомба табылды. Былтыр да ушундай издөө иштери жүрүп, 20 авиабомба табылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG