Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

Айт намазы Бишкектен башка аймактардагы аянттарда окулбайт


Бишкектеги Айт намазы. 2016-жыл.

Быйыл Айт намазы Бишкекте гана эски аянтта окулат, башка аймактарда чоң мечиттерде болот. Бирок анын себеби так айтылбай жатат.

Ушундай чечим бар экенин жергиликтүү казыяттардын өкүлдөрү билдиришти. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы - муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев муну тастыктады, бирок документ түрүндө буйрук жок экенин айтты.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана башка шаарларда да Айт намаздары борбордук аянттарда, стадиондордо окулуп келген.

Орозо айт быйыл 5-июнда болот. Диний жөрөлгө эртең менен саат алтыда дин аалымдарынын баяны менен башталып, 7:30да намаз окулат. Бишкек шаарында бул аралыкта аянтка жакын көчөлөр убактылуу жабылат.

Быйыл орозо айы 6-майда башталган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG