Кремль үй камагында отурган америкалык ишкер, «Baring Vostok» инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Майкл Калвини Петербург экономикалык форумунда көргүсү келет. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Russia Today» телеканалындагы маегинде билдирди.
- Ал 15 жылдан бери орус рыногунда жигердүү оюнчу болуп келген. Биз баарыбыз аны үмүт жараткан ишкер жана орус рыногун жактоочусу катары билебиз, - деди ал.
Дмитрий Песков Калвинин иши президент Путиндин жеке көзөмөлүндө турганын да кошумчалады.
31-майда Майкл Калвини адвокаттары Орусиянын Тергөө комитетине анын 6-8-июнь күндөрү эл аралык экономикалык форумга катышуусуна уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Алар Калви бул иш-чарага катышуу үчүн эбак эле катталганын айтышкан.
Америкалык инвестор быйыл 15-февралда кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Тергөө Майкл Калвини «Восточный» банкынан 2,5 миллиард рубль (39 миллион доллар) уурдоо схемасын уюштурган деп айыптап жатат. Калви дооматтарды четке кагып, ишти корпоративдик талаш менен байланыштырууда. Орусиялык интернет-бизнеске эң көп инвестиция салган фонд орусиялык бир катар ийгиликтүү стартап долбоорлорун каржылоого катышкан.