Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

Кабулдагы жарылуудан беш киши өлдү


Автобус административдик реформа жана мамлекеттик кызмат боюнча комиссиянын кызматкерлерин алып бара жаткан. Кабул, 3-июнь, 2019-жыл.
Автобус административдик реформа жана мамлекеттик кызмат боюнча комиссиянын кызматкерлерин алып бара жаткан. Кабул, 3-июнь, 2019-жыл.

Ооганстандын борбору Кабулда мамлекеттик кызматкерлер бараткан автобуска коюлган бомба жарылып, беш киши өлдү, дагы ондой киши жарадар болду. Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахиминин айтымында, автобус административдик реформа жана мамлекеттик кызмат боюнча комиссиянын кызматкерлерин алып бара жаткан.

Жардыруу үчүн азырынча эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Бул акыркы аптада, Орозо айттын алдында Кабулда жасалган бир канча чабуулдун уландысы болуп калды.

2-июнда Ооганстандын борбору Кабулда үч жерде жардыруу болуп, андан эки адам каза тапса, дагы 24 киши жарадар болгон. Бул кол салуулар үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган. 31-августта болсо Кабулдагы жарылуудан кеминде төрт киши өлүп, дагы үч киши жаракат алган. Аны «Талибан» жасаганы айтылган.

XS
SM
MD
LG