Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:57

Искендер Матраимов миллиондорго байланыштуу иликтөөгө жооп берди


Искендер Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө 5-канал аркылуу жооп берип жатат. Ал иликтөөдө айтылган суммалар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен чогуу жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин белгиледи.

«Ой бүгүн» талкуусу ушул тапта түз эфирде көрсөтүлүүдө. Программага иликтөөнүн автору, «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов, журналист Айданбек Акмат уулу жана жарандык активист Эдил Байсалов да катышып жатат.

«Азаттык» 29-майда жарыялаган иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.

Искендер Матраимов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл арасында «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

Пикирлерди көрүңүз (55)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG