Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоону каржылоо планынын долбоору иштелип чыкты. Бүгүн Бишкекте бул пландын бет ачары өтөт.
Аны Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен бирге Кыргызстандын Финансы министрлиги жана Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жазып чыгышкан.
Сунушталып жаткан план ресурстарды туура пайдаланууга, токойлорду калыбына келтирүү зарылчылыгын азайтууга жана парктарды туруктуу туризм үчүн зыянсыз пайдаланууга багытталат.
Адистердин айтымында, Кыргызстандын экономикалык жактан жигердүү тургундарынын 29% айылда жашайт, ал эми элет элинин жашоо-тиричилигинин 60% токойлордон жана жайыттардан көз каранды. (RK)