Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Кыргызстан Сирия менен Ирактагы жарандарын кайтарып алат


Сирия.

Кыргызстандын тиешелүү органдары Ирактагы кыргыз жарандарын аныктоо ишин аяктады, учурда аларды мекенине кайтаруу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Сириядагы кыргызстандыктар боюнча да ушундай эле иш-аракеттер жүрүп жатат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дүйшөмбү күнү Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жана Сириянын аймагындагы кыргыз жарандарына байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Ага чейин курамына тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген мекеме аралык жумуш тобу түзүлгөн болчу.

Согуш жүрүп жаткан Сирияга түрдүү себептер менен кетип калган кыргыз жарандарынын саны 600дөй экени расмий айтылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG