Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын бирикмесине техникалык жардам долбоорун ишке ашырууда. Бүгүн 4-июнда Бишкектин Эски аянтында экскаваторлорду тапшыруу иш-чарасы өтөт. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.
Суу пайдалануучулардын улуттук бирикмесинин жетекчиси Эркинбек Кожоев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ички чарбалык сугат тармагы 23 миң чакырымды түзөт, анын 18 миң чакырымы суу пайдалануучулар бирикмелеринин балансында.
- Бул тармакта сөзгө аларлык жакшы иштер жасалып жатат. Бирок ассоциациялар техникасы жок кыйналууда. Каналдарды тазалоого техника керек, - деди ал.
Кожоевдин айтымында, бирикменин курамында 486 ассоциация бар. Бүгүн алардын 30уна техника тапшырылат. (RK)